• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Талкууга түшкөн жазуунун жаңы эрежелери. Кандай өзгөртүүлөр сунушталууда?

30 Кулжа 202614:50 Бишкек Govori.TV

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирүү таратып, кыргыз тилинин орфографиялык эрежелеринин айрым жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы укуктук жана практикалык негиздерден улам келип чыкканын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, азыркы учурда коомчулук тарабынан талкуу болуп жаткан орфография эрежелеринин долбоору алгач илимий чөйрөдө каралып, сунушталган варианттын бири болуп саналат.

«Биринчиден, өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу маселеси «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында көтөрүлгөн. Бул Мыйзам 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган. Аталган Конституциялык мыйзамда кыргыз тилинин алфавити жана орфоэпия, орфография эрежелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилери белгиленген.
Мурунку 2004-жылдагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Жогорку Кеңеш кыргыз тилинин алфавитин жана орфография эрежелерин бекитери каралган, ал эми анда орфоэпия эрежелери көрсөтүлгөн эмес.
Ошондуктан конституциялык Мыйзам кабыл алынгандан кийин орфоэпия эрежесин иштеп чыгып, бекитүү маселеси жаралган. Бул боюнча филология илимдеринин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жана кеңешмелер жүргүзүлүп, алардын пикири боюнча алгач орфография эрежесиндеги айрым маселелерди тактап алуу менен орфоэпия эрежелерин иштеп чыгуу максатка ылайыктуу болору сунушталган.
Экинчиден, колдонуудагы кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерин практикалык колдонуу учурунда мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, билим берүү мекемелеринен, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, басма үйлөрүнөн, илимий чөйрөдөн, ошондой эле жарандардан көптөгөн сунуштар жана кайрылуулар азыркы учурга чейин байма-бай келип түшүүдө. Бул кайрылууларда эрежелердин айрым пункттарынын так эмес же эки ача түшүндүрүлүшү, өз ара карама-каршы чечмелениши жана алардын ар кандай колдонулушу жазуу практикасынын бирдиктүүлүгүн камсыз кылууда кыйынчылыктарды жаратып жаткандыгы белгиленген.
Мындан тышкары, акыркы жылдары мамлекеттик тилди мамлекеттик башкаруу системасында, билим берүүдө, илимде, маалыматтык технологияларда жана жалпы коомдук турмушта колдонуу чөйрөсү кыйла кеңейди. Бул өз кезегинде орфографиялык ченемдерди заманбап талаптарга ылайык тактоо, тилдик бирдиктерди жазууда бирдей мамилени камсыз кылуу жана талаштуу жоболорду өркүндөтүү зарылдыгын шарттады.
Ушуга байланыштуу колдонуудагы орфографиялык эрежелерди жаңы мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирүү, алардын укуктук макамын бекемдөө жана колдонулушунун бирдиктүү укуктук негизин түзүү зарылдыгы келип чыкты», — деп жазылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, учурда талкууга жем болгон учур — долбоордогу «Э э» тамгасын колдонуудан баш тартып, анын ордуна «Е е» тамгасын колдонуу сунушу болуп жатат.

Ошондой эле сунушталган долбоордо алфавиттеги Цц, Щщ, ъ, ь, Ээ, Ёё, Юю, Яя тамгалары чет тилдерден кирген сөздөрдү жазууда гана колдонуу сунушталууда.

Сунушталып жаткан долбоор менен төмөндө кенен тааныша аласыз:

Количество просмотров: 27