Бишкек.10.12.2018. Govori.TV
Экс-президент Алмазбек Атамбаев анын кол тийбестигинен ажыратуу аракетин учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын туугандары тарабынан демилгеленген сунуш катары кабылдайт. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-декабрда «Апрель» телеканалына берген маегинде айтты.
Журналисттин берген суроосуна ал төмөнкүдөй жооп берди.
«Бул демилге Сооронбай Жээнбековго жана анын бир туугандарына таандык. Мен аны билем. Эмне демек элем? Буга чейин дагы мени каматабыз, жоготобуз деп келишкен. Кыргыздын бир эски жакшы сөзү бар.
Иттин кожоюну болсо, кабыландын кудайы бар! Кудай бар. Барын кудай чечет»,-деген пикирин айтты Алмазбек Атамбаев.