• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

А.Атамбаев: Кудай катачылыктарымды көрсөтүп жатат

10 Бештин айы 201823:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.12.2018.Govori.TV

«Мындай каралоону, ушакты Акаев, Бакиев заманында да көргөн эмес элем” – деген пикирин экс-президент  Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде айтты.

Анын айтымында, “каралоо кампаниясы да өзгөчө болду”. “Жакын деп санаган адамдар басып кеткен жок, сатып кетти деп айтат элем. Мен мындай каралоону, ушакты Акаев, Бакиев заманында да көргөн эмес элем.  Жыл албетте, оор болду. Өзүң айткандай, мени жок кылууга, жоготууга да аракеттер болду. Бирок, мен ачык айтсам, мындайларды көргөм. Каралоо, ушак эле көбүрөөк болбосо, калганынын баарын көргөм. Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да мени жоготобуз, кетиребиз деп бир топ аракет кылышкан.  Бирок, мен дагы деле Кыргызстандамын. Акаев менен Бакиев кайда экенин өзүңөр билесиңер. Кудай бар”, — деди ал.

Анын пикиринде өтүп бара жаткан жыл ал үчүн оор болгон.

“Экинчи жагынан алсак, мен Кудайга шүгүр деп атам. Анткени, Кудай мага атайлап, ал-күчүм бар кезде чындыкты көрсөтүп жатат. Менин катачылыктарымды көрсөтүп атат. Кимдин ким экенин көрсөтүп атат. Кыргызда сөз бар “Жамандыкты амандык жеңет” деген. Кандай болсо да, турмуш өз жолу менен кетип атат. Менин айтайын дегеним, мени эч ким коркута албайт, мени эч ким сындыра албайт. Мен Кудайдан гана корком. Кудайга шүгүр, тескерисинче, бул жылы көп жакшылык да болду. Кээ бир дос деген адамдардын ыпластыгын көрсөм, ошол эле убакта бир топ адамдардын, өзгөчө карапайым адамдардын бийиктигин көрүп атам. Кудай үй-бүлөмө да жакшылык берип атат. Мына быйыл дагы бир неберелүү болдум. Кызым Алия кыздуу болду. Кудайга шүгүр. Кудай ар бир нерсени бекеринен кылбайт. Мүмкүн, Кудай мага “ээй, Алмаз, көзүңдү ач, мунун баарын көрүп ал, өзүңдүн каталарыңды өзүң оңдо” деп, ушундай кылып жатабы деген ойлор келип жатат”, — деди Алмазбек Атамбаев.

Количество просмотров: 14