• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

А.Атамбаев: Нариман Түлеевди аяп жатам

11 Бештин айы 20185:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.12.2018.Govori.TV

Октябрдын аягында Алмазбек Атамбаев Москвага иш-сапары менен бара жатып, Нариман Түлеев менен бир учакка отуруп, экөөнүн бирге түшкөн «селфи» сүрөтү талкууга түшкөн.  Аны менен ажатканага дагы чогуу кирбесин жар салган Түлеевге эмне болгонун түшүнбөй, интернет колдонуучулар суроолорун жаадырышкан. Нариман Түлеев учакта 3 саат бою Атамбаевге сын-пикир айтып барганын, экс-президент унчукпай угуп отурганын айтып, жооп берген.

«Апрель» телеканалында маек учурунда бул боюнча суроого Атамбаев төмөнкүчө жооп берди:

«Самолетко отурсам, аркамда бирөө бакылдап аткан. Карасам, Түлеев экен. Анан «кел» деп ишаарат кылдым. Келип, жаныма отур десем отурду. Бакылдабай арманың болсо айт десем, үч саат армандарын төгүп айтып атты. Эми, ал айткан сөздөрдү айтсам өзү ыңгайсыз болгону турат. Бир чети аяп да жатам Нариманды. Эмне дээр элем, бирок эми калп айткан жагынан барон Мюнхгаузенден да ашып кетиптир. Аман эле болсун»,- деди экс-президент.

Количество просмотров: 12