Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.
КРнын Ички иштер министрлиги А.Батукаевди бошотууга жасалма документ даярдаган онколог Эмил Макимбетов жана лаборатория кызматкери кармалган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат катчылыгынан Govori.TVга билдирди.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы Нарын райондук соту А.Батукаев рак оорусу менен жабыркайт деген доктурлардын берген көргөзмөсүнө ылайык, бошотуу чечимин кабыл алган.
А.Батукаевди мыйзамсыз бошотууга жасалма документ даярдаган жана коррупцияга тиешеси бар деген медицина кызматкерлери 3-май күнү №1 абакка киргизилип, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Башкы прокурор Ө.Жамшитов үстүбүздөгү жылдын башында А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иш жаңыланып, кайрадан каралаарын айткан.