«Тогуз-Торонун эли кокусунан түндө каракчылык менен комбинатты өрттөп салышкан жок. Ушул мезгилге чейин эл чырылдап кайрылып жатышты. Азыр Сапар Исаковго ушул деңгээлге жеткирген жетекчилер жоопко тартылсын дептир. Эң биринчи кезекте жоопкерчиликти Жогорку Кеңеш өзү алыш керек. Эмне үчүн алар эл чырылдап чыкканда ошол жерге барышкан жок? Эмне үчүн комиссия түзүшкөн жок? ошол убакытта эл менен жолугуп эмне үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн жок? элде кымындай да күнөө жок»-дейт Мадумаров.