• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

А. Оролбаева, жабырлануучу: “Милициялар коркутушканда шок абалда күнөөнү мойнума алгам” (видео)

7 Кулжа 2018 13:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.06.2018.Govori.TV.
“ Мен өзүмдүн эгин-талаа иштерим менен жүргөнүмдө, мага аймактык нускоолчу (участковый) телефон чалып, алдап чакырды. Келгенимде 10 чакты опер кызматкерлери мени коркутуп, үйүмдү ачтырды, үйдүн чачып издеп туруп, китептер менен 2 дептерди кармап, мени коркутуп, мойнума алуумду айтты. Мен шок абалында мойнума алыптырмын. Бирок, бул нерсе менин эсимде жок…” Бул сөздөрдү бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында Аптоокан Оролбаева аттуу айым билдирди.
Анын айтымында, 2018-жылдын 19-май күнү талаа иштери менен жүргөндө аны милиция кызматкерлери үйүнө чакырып, коркутуу жолу менен үйүн ачтырып, тинтүү жүргүзүп, мурда көрбөгөн экстремисттик багыттагы китептерди “меники” деп мойнуа алууга мажбурлаган.
Ал эми анын атасы Дүйшөнбек Оролбаев милициянын бул кылыгы үчүн акыйкаттык издеп жатканын айтат. “Милиция кызматкерлери эч кандай күбөлөр жок, эч кандай уруксат кагазын көргөзбөй эле тинтип, коркутуптур. Кызымдын эч кандай терроризмге, экстремизмге тиешеси жок, анын 3 баласы бар, ал балдарын багуу үчүн талаада иштеп жүрөт”, — дейт.
Бул боюнча Govori.TVнын кабарчылары ИИМдин маалымат кызматына Карима Аманкуловага кайрылышканда ал кылмышка шектүү тараптын көрсөтмөлөрү жалган экенин билдирген. “Биздин кызматкерлер соттун уруксат кагазын көрсөтүп анан киргенбиз, ансыз жок эч бир үйдө тинтүү жүргүзө албайбыз. Ал эми тинтүү учурунда күбө катары кошуналары турган. Процесс башынан баштап видео камерага тартылып, “китептерди билбей алып алгам” деп мойнуна алган видеосу да бар”, -дейт.
Эске сала кетсек, 2018-жылдын 19-майында ИИМдин терроризмге жана диний экстремизмге каршы бөлүмүнүн кызматкерлери Биринчи май РИИБнин тергөөчүлөрү менен биргеликте Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушунда жашаган 1983-жылы төрөлгөн Оролбаева Аптоокандын үйүндө КРнын КЖКнин 299-беренеси (улуттук, рассалык, диний жана аймак аралык каршылыкты пайда кылуу) боюнча тинтүү ишин жүргүзүп, тыюу салынган “ Хизб ут-Тахрир-аль-Ислами” диний агымына тиешелүү 5 китеп, 2 колдо жазылган дептер, 2 журнал жана 2 күндөлүк тапкан. Азыр соттук иликтөө жүрүп жатат.

 

Количество просмотров: 16