• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

А. Шыкмаматов: «Аймактарды губернатор, аким, айыл өкмөтү эч качан өнүктүрө албайт»(видео)

14 Баш оона 2018 13:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.08.2018.Govori.TV.

Аймактарды губернатор, аким, айыл өкмөтү эч качан өнүктүрө албайт. Бул туурасында «Ата Мекен» фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов айтты. Анда   депутат өкмөттү инвесторлорго шарт түзүп берүүгө чакырды.

«Аймактарды губернатор, аким, айыл өкмөтү эч качан өнүктүрө албайт. Бул алардын жамандыгында же чабалдыгында эмес. Кеп алардын мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунда. Аймактарды инвестиция менен эле акча өнүктүрөт. Ири бизнес, ири инвестиция аймактарга барса, эл кубаттап тосуп алат, жумушчу орундар түзүлөт. Өкмөт, губернатор, аким баш болуп ишкерлерге жеңилдик берип, бапестеп алса өнүгүү болот»-деди Шыкмаматов. 

 

 

 

Количество просмотров: 28