• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аалиев: COVID-19дан айыккандардын эң жашы 20 күндүк ымыркай, эң улуусу 101 жаштагы адам болгон

18 Жалган куран 2021 12:45 Бишкек Govori.TV

Учурда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 169 адам дарыланууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, илдет бир гана өпкөнү жабыркатпастан, бир катар ооруларды козгойт.

«Биздин ооруканадан аталган илдеттен 7 миңден ашык адам айыгып чыкты. Алардын эң жашы 20 күндүк ымыркай, эң улуусу 101 жаштагы адам болгон. Учурда 169 бейтап дарыланууда. Алардын 11и өтө оор, 69у оор абалда жатат», — дейт ал.

Количество просмотров: 74