• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Аалымдар кеңеши никаб жана сакал коюу боюнча билдирүү таратты

16 Жетинин айы 2023 9:38 Бишкек Govori.TV

Паранжы, никаб ислам динин туткан кыргызстандык кыз-келиндер үчүн парз эмес. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тараткан билдирүүсүндө айтылат.

«Динибизде эркектердин жана аялзатынын авраты ачык белгиленген. Шариятта (ханафий мазхабы боюнча) аялдар үчүн колу (алаканы), буту (тамандан кызыл ашыкка чейин) жана жүзү (чач жана ээкке чейин) ачык жүрүүгө уруксат берилет. Калган дене мүчөлөрү аял үчүн аврат деп эсептелет. Аврат эсептелген дене мүчөлөрүн жаап жүрүү исламда хижаб же тасаттур деп айтылат. Бирок никаб (паранжы) парз эмес. Азыр хижабдын деңгээлине да жете албагандар арбын. Андыктан хижаб негизги парз. Хижабдын (тасаттур) белгилүү бир формасы жок болгондуктан, аалымдар ар бир адам өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийинүүсү туура деп эсептешет. Ал эми сакал коюу ислам дининде сүннөт амалдардан. Аны тыкан, таза кармоо адептерден. Исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейбиз», — деп жазылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитованын паранжыга жана узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору 14-ноябрда коомдук талкууга коюлду. Анда жарандардын дин тутуу эркиндиги чектелбей турганы, конституциялык ченемдер жана эл аралык стандарттар сакталары, эрежени бузгандыгы үчүн 2 миң сом айып пул салуу же 30 саатка коомдук иштерге тартуу сунушталып жатканы белгиленди.

Теги:
Количество просмотров: 1460