• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыйын: Паранжа жана узун сакал коюуга тыюу салган демилге талкуу жаратты (Түз эфир)

20 Жетинин айы 2023 17:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда паранжа жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Эл өкүлү мындай чара өлкөдөгү коопсуздук үчүн маанилүү деп эсептейт. Кыргыз коомунда мындай чектөөнү киргизүүнү жактагандар да, ага каршы болгондор да бар.

Депутаттын айтымында, айымдар өзүнүн жүзүн жаап, идентификациясын аныктоого мүмкүн болбогондой чүмкөнүп алганы өтө кооптуу. 

Ошондой эле узун сакал койгонго да болбойт. Долбоордо сакалдын узундугу боюнча чек аныкталган эмес, болгону «жарандын тек-жайын тактоого мүмкүн болбой тургандай өстүрүүгө тыюу салынары» жазылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев паранжы жана узун сакалга байланыштуу пикирин билдирди.

«Диний-экстремистик уюмдар чыгып, өзүнчө уюшуп алышып, коомубуздун оюн, жашоо-тиричилигин, үрп-адатын, каада-салтын башка жакка бурууга аракет кылып жатышат. Буларга каршы күрөштү дагы күчөтүшүбүз керек. Себеби, кыргыздын кыргыз болуп жаралгандан бери өзүнүн салты бар. Анын ислам дини бар. Кыргызстандын келечегин сактап калуу биздин колубузда. Азыр динибиздин бурмаланган эреже-талаптарын чыгарышып, ар түрдүү коомго терс кийим-кечелерди кийишип, кебетесин өзгөртүшүп, салттуу динге туура келбеген нерселерди кылып жатышат. Кыргыз болгондон бери баарыбыз зыңкыйып жүргөнбүз. Шалбырагандарды кийип, 25-30 жаштагы жигиттер киндигине чейин сакал койгон эмес. Сакал койбо деп эч ким айтпайт, тартиби менен койгула. Жоолукту салынгыла, бирок башка журттун, башка диний агымдардын үрп-адатын алып келбегиле», — деди ал.

Назира Бегим — жарандык активист;

Айсулуу Джуматаева — Кара-Балта шаардык кеңештин депутаты;

Модератор: Кайыргуль Урумканова

Количество просмотров: 433