• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат Мажитова аялдарга паранжа кийүүгө тыюу салууну айтты

20 Чын куран 2023 12:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште депутат Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда бети-башын толук чүмкөгөн, кара паранжа кийген кыз-келиндерге, аялдарга байланыштуу масле көтөрдү. Ал 20-апрелдеги жыйында бул жаатта Дин иштери комиссиясына тапшырма берилиши керектигин айтты.

«Биз жакында Ошко социалдык пакет боюнча сертификаттарды тапшырганы барганда, аны алганы келген көпчүлүк аялдар көзү гана көрүнгөн кара кийим кийип отурушту. Жоолуктарын салына беришсин, бирок эмне үчүн капкара болуп чүмкөнүп алышат? Ушул жагынан дагы дин башкармалыгына тапшырма берип койсоңуз»,-деди Мажитова.

Паранжа мусулман өлкөлөрүндөгү аялдардын салттуу кийими. Бул кийим бүт денени ороп турат, узун жеңдүү, жүзүн жана чачын жашырат.

Количество просмотров: 90