Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Азамат Юсупов Кыргызстандын жарандарын хиджаб, никаб жана паранжаны аралаштырбоого чакырат.
Анын айтымында, паранжа бетти, анын ичинде көздү толугу менен жаап турат, никаб менен көз ачык болсо, ал эми хиджабда жүзү ачык болот.
Юсупов муфтияттын фатвасы бар экенин, ага ылайык паранжа жана никаб кийүү кыргыздардын маданиятына жана үрп-адатына туура келбей турганын, мусулмандар үчүн парз эмес экенин жана сырттан киргизилгенин түшүндүрдү.
«Паранжа жана никаб кийүүгө тыюу салуу биздин өлкөгө келген туристтерге тиешеси болбойт», — деп белгиледи ал.
Ал кошумчалагандай, калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мыйзам долбоорунда атуулдун өздүгүн аныктоого жол бербеген никаб жана паранжа кийүүгө атайын тыюу салуу киргизилүүдө



Сүрөттөр интернеттен алынды.