• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Аба ырайы: 11-январдан тарта бурганактап кар жаайт

9 Үчтүн айы 2018 13:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.01.18.Govori.TV

Кыргызстанда  11-январдан тарта аба-ырайы кескин сууктайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Шашылыш билдирүү: Өлкөдө кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөйт.

11-январда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар калың түшүшү мүмкүн. Ал эми зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал.

Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 7…12, күндүзү 1…6 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн 3…8 градус нөлдөн төмөн болсо, күндүз 0…5 градус жылуу.

Нарында түнкүсүн 9…14, күндүзү 1…6 градус суук болот.

Ош шаарында күндүз 4…6 градус жылуу болот.

Бишкекте  түндө 2…4 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 0…2 градус жылыйт.

 

Количество просмотров: 16