Эртең, 17-октябрда өлкөдө мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 18-23 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-3, күндүз 0…5,
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-2, күндүз 4…9,
Ысык-Көл жана Нарын дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7 градус,
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…-3, күндүз 1…3 градус болот. Мезгил-мезгили менен кар жаайт.