• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Аба ырайы өзгөрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

25 Баш оона 202313:51 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-28-августунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ кокту-колоттордон топтолгон селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону эскертет.

Количество просмотров: 396