Бүгүн, 16-октябрдагы аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу борбордун » Ала Тоо» аянтындагы туу түшүрүлдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Мэрия буга чейин аза күткөндө, эгер туунун кулап же айрылып кетүү коркунучу пайда болгондо (катуу шамал же оңдоо иштери болгондо)же тууну реставрациялоо зарылдыгы пайда болгондо туу түшүрүлө тургандыгын кабарлаган.
Кечээтен бери Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап, катуу шамал болору айтылып жатат.