• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Аба ырайына байланыштуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

24 Бугу 202310:26 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, 24-майда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу).

Белгиленгендей, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл

Количество просмотров: 224