Бишкекте аба ырайынан улам авариялык өчүрүүлөр болуп жатат. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Жарык берүү Чүй жана Талас облустарында үзгүлтүккө учураган.
«Бишкекте — 7, Чүйдө — 13, Таласта — 15. Өчүрүүлөрдү тез аранын ичинде калыбына келтирүү үчүн жалпы 105 ыкчам топ иш алып барууда. Алсак, Бишкек шаары боюнча — 19, Чүй облусунда — 53, Талас облусунда — 33 ыкчам топ иштеп жатат. Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында “Түндүк электр” ишканасынын толук курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.
Жарык боюнча маселе жаралса тынымсыз иштеген 1209 колл-борборуна же (0772) 00-12-09, (0702) 00-12-09, (0556) 00-12-09 номерлерине чалсаңыздар болот.