• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Абайла, мектеп! Ош облусу»: “Эгер биздин усталар, колу жөндөмдөр болбосо, мунун баары эбак урап жоголмок”

11 Тогуздун айы 2021 15:34 Бишкек Govori.TV

Садыков атындагы Ноокат райондук көркөм мектепте окуучулар тарткан пейзаждар, портреттер жана башка эмгектер көздү гана кубантпастан, жан дүйнөнү да элжиретет. Ал тургай имараттын бүтүндөй тулку-боюна тараган чоң-чоң жаракаларды жаап-жашырып турат. “Биз минтип жараларыбызды жаап койгонбуз! – аларды бекитип салдык”. 

Директор Ыса Алимбеков көркөм билимди Москвадан алган, бирок башка сунуштардан баш тартып бул жакка келген: “Мектепти көтөрүп, айыл балдарын окутуу керек, болбосо аны ким жасайт” деген. Ал мектепте “экинчи мөөнөттө иштеп жатат”, 10 жыл иштегенден кийин кетип калган, башкалардын арбоолоруна көнүп, кайра кайтып келген, баш-аягы 20 жылдай иштеди.   

“Бул жердеги пол чирип калган… эски такталарды төшөп, дагы чирип кетпесин деп көтөрүп койдук”, “чатырдан суу тамат, жаман көрүнбөсүн деп, дубал кагаздарын чаптап койдук”, “эгер биздин колубуз жөндөм болбогондо, мындагы нерсенин баары урап бүтүп калмак”. 

Жылына оңдоп-түзөө иштери үчүн бөлүнгөн 15 миң сом “ушундай жерлерди жаап-жашырууга гана жетет”. Мектеп иштеп жатат, андагы окуучулар эл аралык конкурстарга катышып, жеңип келишүүдө. 

А, бирок эң жогорку көркөм чеберчиликтеги косметикалык оңдоо иштери дубалдар ураган абал үчүн жетишсиз экен. “Мен министрликке барганмын, мөөнөтү боюнча сиздердики эң эски мектеп, бирок кезекке коюшат, биринчи вагондордо окугандарга, андан кийин ар-ар кимдин үйлөрүндөгүлөргө, андан кийин гана силерге, авариялык абалдагы мектептерге кезек келет. Мага министрликтен ушундай деп түшүндүрүштү. Мунун баары качандыр-бир урап түшөт, анда баары кеч болуп каларын айтып коюш керек”, — дейт директор.  

Текст: Анастасия Валеева, Таалайбек Талант уулу.

Фото: Таалайбек Талант уулу.

Авариялык мектептер жөнүндө толук изилдөөнү бул жерден окуй аласыз

Количество просмотров: 24