• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Абайла! Жол тайгак… (сүрөт, видео)

4 Үчтүн айы 2023 14:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-январда Бишкектин четиндеги айланган жолдо бир нече жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Govori.TVга күбөлөр билдирүүдө.

Алардын айтымында, унаалар жолдун тайгактыгынан улам рулга ээ боло албай калып жолдон чыгып кетишкен.

ӨКМ Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалы жогору экендигин маалымдады.

Маалыматка ылайык, 4-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, «Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу» унаа жолунун 55-107- чакырымында, «Ала-Бука — Каныш-Кыя» унаа жолунун 68-10-чакырымында (Чапчыма ашуусу) «Красная-Горка — Акташ» унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 2118