• Дүйшөмбү 15 Чын куран 2024
  • Понедельник 15 Апрель 2024

Депутат Абакиров: Сөз эркиндиги бар өлкөдө коррупция да аз болот

15 Бирдин айы 2024 13:16 Бишкек Govori.TV

ЖКнын жалпы жыйынында депутат Элдар Абакиров Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирип, документти иштеп чыгууда ал элдин кирешесине, экономикага кандай таасир берерин эске алууга чакырды.

“Сөз эркиндиги индекси жогору өлкөлөрдө экономика да, элдин кирешеси да жогору болот. Нефтиге бай — Сауд Арабия, Оман, Бахрейн өлкөлөрүндө гана сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчү начар болгонуна карабай экономикасы жакшы экен. Башка мамлекеттерде сөз эркиндиги бар болсо гана экономикасы өнүгүп, инвестор келет экен. Сөз эркиндиги бар өлкөдө коррупция да аз болот. Башкача айтканда, сөз эркиндиги — коррупцияга каршы негизги курал”, — деди ал.

Кошумчалай кетсек, бийлик сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 70