Бүгүн, 5-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште депутат Элдар Абакировдун суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин белгиледи.
Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда Элдар Абакиров жемкорлук менен күрөшүүдө сөз эркиндиги да маанилүү экенин, журналисттик иликтөөлөрдөн кийин бир катар коррупциялык иштердин бети ачылганын айтты.
Ага жооп берген Ташиев, “Кыргызстанда журналисттерге толук эркиндик бар. Эмнени жазса жаза берсин. Бирок Кыргызстанга бүлүк салбаш керек. Ошондуктан бүлүк салгандарды биз тартипке чакырдык, мындан ары да чакырабыз”, — деди.