Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев өлкөбүздөгү сөз эркиндигинин абалы боюнча сөз кылды.
“Көптөгөн эл аралык уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги жок, төмөндөп кетти деген ар кандай индекстер менен баа берип келишет. Бирок бул туура эмес. Буга мисал, бүгүн парламентте мамлекетибиз үчүн маанилүү болгон республикалык бюджеттин долбоору каралып жаткан учурда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү улам бир депутатты чакырып, каалаган суроолорун берип жатышат. Мындай көрүнүш башка өлкөлөрдө жок. Парламентаризмдин бешиги саналган Улуу Британияда журналисттер олтурган жайды айнек терезе менен бөлүп, тосуп койгон. Тагыраагы, журналисттер жыйын учурунда депутаттарды чакырып, суроо бере албайт. Чыгып бара жатканда да депутаттар башка эшик менен, журналисттер башка эшик менен чыгып жолугушпайт. Мына ушундай негизде иш алып барган өлкөлөр бизге баа берип жатканы түшүнүксүз”, – деди.
Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.