• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абакиров студенттерге жол кирени өзгөртүүнү сунуштады

30 Бугу 202411:36 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кенештин жыйынында сөз сүйлөгөн депутат Элдар Абакиров студенттерге Бишкек шаарындагы коомдук транспортто жана Ош-Бишкекке учкан авиакаттамдарга жеңилдиктерди берүүнү суранышты.

Анын пикиринде, студенттик жол кире деген система кайтарылышы керек,

«Биздин мэрияга сунуш, студенттик жол кире акысын киргизсе, эми баасын канча коет, чоң-чоң автобустар келди. Бирок студент деген студент акчасы деле жок, ага биз мүмкүнчүлүк беришибиз керек», — дейт депутат.

Ошондой эле депутаттын айтымында, борборго аймактардан келген студенттер ички авиабилеттерге жеңилдик берүүнү суранышууда.

Количество просмотров: 152