• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абакка коньяк киргизүүгө аракет кылгандар кармалды

30 Бештин айы 202214:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек СИЗО-1ге 6 литр коньякты бөтөлкөдөгү чайдын оордуна куюп киргизүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын No21 — мекемесинде 1995-жылы туулган жергиликтүү тургун Д.А.Б., Казакстан Республикасынын жараны М.М.В.га тыюу салынган алкоголдук ичимдиктерди берүүгө аракет кылган учурда кармалды.

Ал таанымал болгон чайдын маркасындагы желим бөтөлкөлөргө куюлган алты литр коньяк берүүнү пландаган.

Бул факты боюнча азыр тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 342