«Массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деп айыпталып кармалган саясатчы, активисттердин жактоочулары мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.
Төмөндө кайрылууну толук келтиребиз:
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, камалган. Алар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген. 14-декабрда алар саясий ачкачылык жарыялашты.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.