• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абактагы Алмаз Сарыбаев ачкачылык жарыялады

18 Аяк оона 2021 1:24 Бишкек Govori.TV

«Бийликти күч менен басып алуу аракетине» шектелип №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынган «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Бүгүн, 17-сентябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына барып, Алмаз Сарыбаев менен жолугушкан.

Сарыбаев Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аркылуу Токон Мамытовго кат берип, бүгүн саат 16:00дөн тарта ачкачылык кармай турганын билдирген. Ал мунун себебин ага кылмыш иши мыйзамсыз жана негизсиз ачылганы менен түшүндүргөн.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев менен болгон сүйлөшүүсү делген аудиожазуу тараган. Анда көтөрүлүш тууралуу сөздөр болуп, бир нече саясатчынын аты аталган. Ага байланыштуу Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш козголгон. 15-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Асанов №50 тергөө абагына, ал эми Сарыбаев №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Количество просмотров: 238