• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абактагы депутат референдумду дайындоо үчүн добуш бергени талкуу жаратты

3 Жалган куран 2021 18:11 Бишкек Govori.TV

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды.

Долбоор парламенттин 3-марттагы сессиясында талаш-талкуу менен коштолду. Жыйынтыгында сессияга катышкан 96 депутаттын 87си документти колдоп, тогузу каршы добуш беришти.

Депутаттардын добуш берген тизмеси жарыяланды. Анда учурда тергөө абагында жаткан депутат Дүйшөн Төрөкулов мыйзам долбооруна макул деген добуш бергени жазылган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып эки айга камакка алынды. Ага карата Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен сотко чейинки териштирүү башталды. Эрежесиз мушташтарга катышып жүргөн Төрөкулов коомчулукта “Душка” деген каймана ат менен таанымал.

2021-жылдын 15-январындагы токтомуна ылайык, айыпталуучу Төрөкуловго карата бөгөт чарасына ылайык камакка алуу түрү 2021-жылдын 14-мартына чейин тандалган.

Количество просмотров: 91