• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абактагы депутат Жетигеновдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты

15 Бештин айы 202112:20 Бишкек Govori.TV

ЖКнын имаратынын астына Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган депутат Бакыт Жетигеновдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты.

Алар депутаттык комиссиянын Бакыт Жетигенов боюнча чыгарган корутундусун кароону талап кылууда.

Бүгүн, 15-декабрдагы парламент жыйынына Улуттук коопсуздук комитети камакка алган депутат Бакыт Жетигенов боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу чыгарылмак. Бирок Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент жыйыны кийинки жумага жылдырылганын билдирди.

УКМК депутат Жетигеновду “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

Количество просмотров: 101