Бүгүн, 23-январда төкмө акын Болот Назаровдун кармалышын мыйзамсыз дегендер Ички иштер министрлигинин алдында митингге чыгышты. Ага акындын жакындары, үй-бүлөсү, кесиптештери келгенин көрүүгө болот.
Төкмө акын Акматбек Султан Назаровду камоо туура эмес кадам болгонун белгилеп, көзүнө жаш алды.
«Болот Назаровдун кармалышы биздин жүрөгүбүзгө катуу тийди. Мамлекет акындарга кам көргөндүн ордуна камап жатат. Назаровду 7 жылдан бери жакшы тааныйм, өзү ак жүрөк жигит. Керек болсо калаада үйү жок батирлеп жүрөт. Чындыкты айтса камап коюшканы кыргыз элин камаганга барабар десек болот»,-деди ал.