Бишкекте массалык тополоң чыгарып, бийликти кулатууга даярдык көргөн деп кармалып абакта отургандардын арасынан мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган адамдар 21ге жетти. Алардын ичинен төртөө аял. Бул арада Орозайым Нарматова менен Перизат Суранованын абалы кескин начарлаганы кабарланды.
Абакта жаткан саясатчы, активисттердин жакындары бүгүн, 20-декабрда Бишкектеги өкмөт үйүнүн жанына нааразычылык акциясына чыгышты.