• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Kaktus.media сайтынын кеңсесинин алдында чогулгандар ич ара уруша кетишти

28 Үчтүн айы 2022 16:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-январда Бишкек шаарындагы Kaktus.media сайтынын кеңсесинин алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар аталган басылманын жабылышын талап кылууда.

Өзүн жарандык активистмин деп тааныштырган Жолдошбек Сыргаков редакцияга конкреттүү дооматы жок экенин билдирип, чогулгандарга Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигине барууну сунуштады.

Бул арада нааразычылык акциясына чыккандардын ортосунда пикир келишпестик жаралды. Акциянын дагы бир катышуучусу Жолдошбек Сыргаковду эки жүздүү деп атады.

Эске салсак, 27-январда Kaktus.media сайты тажик тараптын версиясы тууралуу маалымат чыгарган. Мындан көп өтпөй, социалдык тармактагы айрым колдонуучулар жарыяланган маалымат боюнча терс пикирлерин айтышып, редакция туура эмес маалымат таратып жатат деп айыпташты.

Ал эми Kaktus.media сайтын маалыматтын жарыяланышы боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматта айтылгандай, 27-январда Kaktus.media сайтында ASIA-Plus тажик редакциясынын Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал тууралуу маалыматын жарыяланган.

«Бул кабардын бирден-бир максаты – кыргыз коомуна тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, бийлиги Тажикстандын карапайым жарандарына окуялардын кандай версиясын айтып жатканын көрсөтүү болгон. Бирок, тилекке каршы, бул идея так айтылган эмес, ошондуктан кээ бир окурмандар бул текстти Kaktus.mediaнын материалы катары кабыл алып алышкан. Редакция так эместиктер үчүн кечирим сурайт. Kaktus.media сайтынын редакциясы кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгын дайыма бекем карманып келген», — деп айтылат редакция тараткан маалыматта.

Количество просмотров: 266