• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Абактагы Матраимовдун жардамчысы сабалды деген видеону ЖАМК текшерип жатат

17 Кулжа 2020 10:46 Бишкек Govori.TV

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) социалдык тармактарга жарыяланган Эмилбек Кимсановду абакта сабап жатышат деген видеофакт каттоого алынып, текшерүү иштери жүрүп жаткандыгын, жыйынтыгы боюнча маалымат берилерин билдирди.

Эске салсак, кечээ Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн кардары абакта сабалып жатканы тартылган видео колуна тийгенин кабарлап, аны «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырган.

Тасмада белгисиз эки адам дагы бир кишини мыкаачылык менен сабап жатканы көрүнүп турат. Сүйүнбаева видеодогу ур-тепкиге калган киши Эмилбек Кимсанов экенин билдирип жатат. Адвокат видео колуна кайдан тийгенин жазган эмес.

Адвокат уруп-сабоо Кимсанов Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которулган күнү болгонун кошумчалаган.

Азыр №50 абакта отурган Эмилбек ​Кимсанов дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген.

Буга чейин жубайы Мария Заворотняя күйөөсү сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өз дарегине айтылгандарга комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Количество просмотров: 137