БШК социалдык тармактарда тараган депутаттык мандатын агасына белек кылып берип жаткан видео тууралуу түшүндүрмө берди.
Видеодо буга чейин жергиликтүү кеңештин бир нече жолу депутаты болгон Элнур Акылбеков агам деген адамга чепкен жаап, «Менин ордум Жогорку Кенеште. Өз мандатымды агама берем. Кудай буюрса, жакшы күндөр алдыда. Мага добуш бергендердин баарына рахмат» деп айтып жатканы тартылган.
Ал эми Боршайкомдун маалыматы боюнча, эч кандай мандатты белекке тапшыруу болгон эмес жана азырынча эс кимге мандат да расмий бериле элек. Ал эми видео партиянын штабында тартылган.
«Кара-Суу шаарынын жергиликтүү кеңешине «Эмгек» саясий партиясы жалпысынан 1846 добуш алып 24% болуп, 8 мандатка ээ болгон. Ал эми «Эмгек» партиясына жалпысынан 27 адам каттоодон өткөн. Элнур Акылбеков тизме боюнча 22-орунда ал эми Мирланбек Абдикаримов тизме боюнча экинча орунда турган. Акылбековдун «сиз агамсыз андыктан сизден талашпаймын» деген ой менен сүйлөп жаткан сөздөрү видеого түшүрүлгөн. Негизинен Кара-Суу АШКга бул маселе боюнча арыздар келип түшкөн эмес башкача айтканда орун алмашышкан эмес, тизмедеги номерлери да ошол бойдон сакталган», — деп жазылат БШКнын билдирүүсүндө.
Маалыматтар боюнча, Элнур Акылбеков 2021-жылы Кара-Суудан ЖКга депутат болуп келүүгө аракет кылган жана бир нече жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.
Мыйзамга ылайык, талапкерлер өзү каалагандай эле мандаттын өткөрүп берүүгө укугу жок. Тизме акыркы болуп саналат, каттоодон өткөндөн кийин аны өзгөртүүгө болбойт. Эгерде мандат ээси өз ыктыяры менен баш тартып же партиянын талапкерлеринин тизмесинен чыгуу жөнүндө арыз жазылса, анда мандат алынат жана ал тизмедеги кийинки талапкерге берилет.