• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абактагы Навальный сыйлык алды

21 Тогуздун айы 2021 10:44 Бишкек Govori.TV

Европарламент орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты ыйгарды. Бул тууралуу саясатчыны сыйлыкка сунуштаган Европарламенттеги фракция кабарлады. Бул маалыматты 20-октябрь күнү кечке маал Европаламенттин башчысы да тастыктады.

“Эркиндик, демократия жана адам укугу үчүн күрөшүүдөгү эрдиги үчүн” Навальныйдын талапкерлигин сыйлыкка Европарламенттин ири фракциясы – Европа элдик партиясы жана либералдардын “Европаны жаңылоо” фракциясы көрсөткөн. Алар саясатчыны Орусия президенти Владимир Путиндин “башкы саясий атаандашы” деп аташкан.

Белгилей кетсек, Алексей Навальный январдын аягында Германиядан кайтып келгенде аэропорттон кармалган. Саясатчы химиялык курал менен ууландырылгандан кийин бир нече ай Берлиндеги клиникада дарыланган. Кармалгандан көп узабай Москва шаарынын Симонов райондук соту Навальныйдын шарттуу жазасын алмаштырып, 3,5 жылга колонияга жөнөткөн. Оппозиционер жана бир тууганы Олег 2014-жылы “Ив Роше” компаниясынын каражатын кымырып алган деп айыпталып, шарттуу соттолгон. Ага-ини күнөөсүн моюнга алган эмес, кылмыш ишин саясий буюртма деп баалашат. Адам укуктары чөйрөсүндө жыл сайын бериле турган сыйлык советтик физик, диссидент, укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделген. Былтыр сыйлыкка беларус оппозициясы жана орус түрмөсүндө отурган украиналык режиссер Олег Сенцов татыган.

Количество просмотров: 144