• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Навальныйды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 1-мартта өтөт

29 Бирдин айы 202410:28 Бишкек Govori.TV

Абакта каза болгон орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 1-мартта Москванын Марьино районундагы чиркөөдө өтөт. Бул тууралуу 28-февралда саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирди.

Анын айтымында, маркумдун сөөгү ошол эле күнү шаардын түштүк-чыгышындагы Борисов көрүстөнүнө коюлат.

Навальныйдын каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган.

Количество просмотров: 102