• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Навальный кайрадан абактын айып изоляторуна киргизилди

31 Баш оона 2022 10:22 Бишкек Govori.TV

Орусияда камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный кайрадан күчөтүлгөн тартиптеги абактын айып изоляторуна киргизилди. Мындай маалымат анын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланды.

Алексей Навальный алгач 15-августта айып изоляторуна киргизилген. Анда ага «формасынын үстүңкү топчуларын топчулабай койгону үчүн» жаза берилгени кабарланган. Бирок оппозициячы түрмөдө отургандардын жана абак кызматкерлеринин кесиптик кошуунун түзгөнү үчүн ушундай чара колдонулуп жатканын билдирген. 24-августта Алексей Навальный күзөтчүнүн бир канча жолу «колуңду артка кыл!» деген буйругун дароо аткарбай койгону үчүн беш суткага айып изоляторуна киргизилгени белгилүү болгон.

Президент Владимир Путинди кескин сындап келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы «Ив Роше» ишине байланыштуу «шарттуу жазанын эрежелерин бузду» деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө «экстремизмге» байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары коюлган айыптарды саясий куугунтук деп эсептешет.

Количество просмотров: 58