• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Навальный түрмөнүн ооруканасынан кайра абакка которулду

8 Кулжа 2021 9:55 Бишкек Govori.TV

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальный Владимир облусундагы №3 түзөтүү жайынын аймагындагы ооруканадан кайра Покров шаарындагы №2 абакка которулду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Навальныйдын абак жетекчилигине каршы жазган доо арыздары каралып жактан соттук угуулардын жүрүшүндө белгилүү болгонун “Дождь” телеканалы кабарлады.

Навальный Покров шаарындагы абактан Владимир облусундагы түрмөнүн аймагындагы ооруканага 18-апрелде, эки жумалык ачкачылык акциясынан кийин которулган. Анда аны жарандык дарыгерлер текшерип, ал акырындык менен ачкачылыгын токтоткон. Сотто Навальный ага жеткирилген гезиттер цензураланып жатканы тууралуу жазган дооматтарынан баш тарткан. Оппозициячы абакта гезиттердеги айрым макалаларды кимдир-бирөөлөр кесип алып койгон учурлар катталганына даттанган. Абак жетекчилиги бул окуяга алардын тиешеси жок экенин билдирген.

Быйыл 2-февралда Москванын Симонов райондук соту Алексей Навальныйга каршы 2013-жылы козголгон “Ив Роше” иши боюнча аны 3,5 жылга эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 55