Бүгүн, 14-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Тилекмат Куреновдун соту өтүп жатат.
Соттук отурумга алынып келинген Куренов балдак менен таянып басып келген.
Анын жактоочусу Айбек Турдуев Күрөңов грыжадан улам аксап жатканын, бет каптын астында ур-токмокко алуу белгилери жок экенин билдирди.
Эске салсак, УКМК 19-апрелде Тилекмат Куреновду Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Атайын кызмат ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген.