• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Абактагы жаран медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн каза болгон

10 Аяк оона 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №1 тергөө абагында убагында медициналык жардам албаган тергөөдөгү адам каза болду. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан 1955-жылкы К.И.нин жактоочусу А.Э. арыз менен Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылган. Кылмыш жана жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмышка шектелген жаран ден соолугунун кескин начарлап кеткендигине байланыштуу ЖАМКнын №47 мекемесине которууну суранган. Бирок анын жактоочусунун тергөө органдарына жана №1 тергөө изоляторунун жетекчилигине берген өтүнүчтөрү эске алынган эмес. Жыйынтыгында, медициналык жардамдын өз убагында көрсөтүлбөгөндүгүнүн жана адистештирилген медициналык мекемеге которуу өтүнүчтөрүнө көңүл бурулбагандыгынын натыйжасында, ал киши диабетикалык комага түшүп калган. 26-июлда ал оор абалда №47 жаза аткаруу мекемесине «Тез жардам» менен жеткирилип, 10 күндөн кийин каза тапкан.

«Анын алдын ала диагнозу: курч дем алуунун жетишсиздиги, кан диабети, баш мээнин шишиги, баш мээдеги кан жүгүрүүнүн бузулушу болгон. Кыргызстандын Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбору жаза аткаруу тутумунун органдарынан бул фактыларга көңүл буруп, ооруга байланыштуу адамды бошотуу укугун урматтоону суранат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 352