• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Абактагы активист Ормуковдун абалы менен депутаттар таанышып чыкты

7 Чын куран 2018 10:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.04.2018.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев менен Эмил Токтошев №1 тергөө абагында камалып жаткан көзү азиз активист Темирлан Ормуковдон кабар алып, акыбалын көрүп чыгышты. Бул тууралуу депутаттардын бири Эмил Токтошев “Азаттыкка” билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Ормуков абактын оорукчандар үчүн камерасында кармалып жатат. Активисттин ден соолугу жакшы, түрмөнүн шартына, тамак-ашына жана абак жайдын кызматкерлерине даттанган эмес. Мындан сырткары  азиз активист болгону депутаттардан адвокат алууга мүмкүнчүлүгү жоктугун, күчтүү адвокат жалдоого көмөктөшүүсүн өтүнгөнүн билдирген.

Белгилей кетсек, Темирлан Ормуков президентти сындаган ырынан “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери табылганы үчүн жана “жалаа жабуу” боюнча айыпталып Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул боюнча арыз жазган. Октябрь райондук соту Ормуковду «соттук отурумдарга келбей жатат» деген жүйө менен аны бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.

Ормуков бул кылмыш иштерин саясий куугунтук деп баалап келет. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мындай дооматты четке каккан.

Булак:Азаттык

Количество просмотров: 18