• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Абактан чыккан Алимбаеванын абалы айтылды

30 Теке 2023 10:59 Бишкек Govori.TV

Апамдын ден соолугу дагы деле жакшы эмес. Бул тууралуу Азат Равшан Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Апам Салкын Алимбаева оор операциядан кийин, кечээ СИЗОдон чыгарылды. Анын ден соолугу дагы деле жакшы эмес жана андан ары операция жана дарылоону талап кылат. Апам эч себепсиз УКМКнын тергөө абагында 2 ай жатып, ден соолугуна терс таасирин тийгизди. Мен дагы тактап айткым келет, апам эч кимге эч кандай материалдык зыян келтирбегендиктен кун төлөгөн жок жана анын эч кандай «жерге» тиешеси жок. Апамдын камалышы атамдын Ravshan Djeyenbekov саясий позициясы жана NEXT TV телеканалынын көз карандысыз маалымат каражаты катары ишмердүүлүгүнө байланыштуу»,-деп жазды ал.

Эске салсак, саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 29-июлда үй камагына чыгарылган. Ал буга чейин операция болгону кабарланган.

Алимбаевага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышына байланыштуу “коррупция” беренеси менен айып коюлган.

Количество просмотров: 218