Бүгүн, 26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Соттун чечимине ылайык, Алимбаева 24-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот.
«Бул саясий чечим болушу мүмкүн», — деди Алимбаева.
Эске салсак, Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган.
Жактоочу Разак Ашимбаев саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Бишкек шаарындагы эки жер тилкенин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналып жатканын билдирип, коюлган айып менен макул эместигин айткан.