• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жээнбековдун жубайы УКМКнын тергөө абагына киргизилгени кабарланды

25 Бугу 2023 21:45 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, Алимбаева сегиз сааттык сурактан кийин кармалган жана ага адвокат менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Буга чейин Азат Равшан апасы бүгүн, 25-майда саат 12де суракка чакырылганын, ошондон бери кабарлаша албай жатканын жазган.

Маалыматты УКМКдан тастыктоого мүмкүн болгон жок.

Количество просмотров: 205