• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Камактагы Жээнбековдун кызы чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтерине кайрылды

8 Кулжа 2023 11:38 Бишкек Govori.TV

Бийликти басып алуу үчүн массалык баш аламандык уюштурган деген шек менен камакка алынган Равшан Жээнбековдун кызы Каныкей чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтерине жана эл аралык уюмдарга видео кайрылуусун жарыялады.

Каныкей Равшан үй-бүлөсү үчүн абдан оор күндөр келгенин белгиледи. Ата-энелери Салкынай Алимбаева менен Равшан Жээнбеков СИЗОдо камакта экенин, ал үй-бүлө мүчөлөрү саясий куугунтукка кабылганын кошумчалады. Системалык кысымдын айынан бир туугандар өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

«Азыр президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев атамды үй-бүлөсү менен кыйноо чечимине келишти. Апамдын саясатка эч кандай тиешеси жок. Анын жалгыз кылганы – күйөөсүн ар бир аял катары колдоп, балдарын ар бир энедей тарбиялоосу. Ал азыр түрмөдө. Анан апамдын ден соолугуна абдан тынчсызданам. Анткени Кыргызстанда абактардын абалы коркунучтуу”, — дейт Каныкей Равшан.

Количество просмотров: 102