• Шаршемби 29 Жетинин айы 2023
  • Среда 29 Ноябрь 2023

Жээнбековдун аялынын абалы начарлады

6 июня 2023 в 11:32 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбековдун камактагы жубайы Салкын Алимбаеванын абалы канаттандырарлык эмес. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Гуляна Убалиева билдирди.

Анын айтымында, Салкын Алимбаева камакка алынардын алдында операцияга даярданып жаткан.

«Алимбаеванын өтүндө таш бар экен. Ичегилери жабышып, операцияга даярданып жүргөн. Ички иштер министрлигинин дарыгери кароодон өткөргөн. Абакта шарт жок, дарыгерлер айткан эрежелерди сактоого мүмкүн эмес»,- деп билдирди адвокат.

Эске салсак, Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган. Жээнбековдун жубайы Бишкек шаарындагы эки жер тилкенин мыйзамсыз сатылышы боюнча шектелүүдө. Ал эми Алимбаева өзү коюлган айып менен макул эместигин айткан.

Количество просмотров: 151