• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Абактан чыккан Төрөкулов референдум дайындоого башка бирөө үчүн добуш берди

11 Жалган куран 2021 13:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңеште «Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Ага депутаттардын 94ү макул, 6сы каршы добуш берди.

Жыйын учурунда эл өкүлдөрү бири-бирине добуш бербеш үчүн жыйынга катышпаган депутаттардын компьютерлери өчүрүлдү. Деген менен коррупцияга шектелип кармалган депутат Дүйшөн Төрөкулов оң тарабында отурган кесиптешине дагы добуш берип отурганын көрүүгө болот.

Бирөө үчүн добуш бергендердин арасында депутат Пархат Тулендыбаев, Эрмамат Тагаевдер бар. Тагаев кимдин ордуна добуш бергенин айткан жок.

Буга чейин депутаттар добуш берүү процессинде бири-бири үчүн же келбеген эл өкүлдөрү үчүн добуш берип койгон учурлары далай ирет талкууга алынып келген. Бул жолу маалымат каражаттарынын өкүлдөрү депутаттардын добуш берүүсүн көзөмөлдөп жатышты.

Количество просмотров: 186