• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абал начарлоодо. Бишкекте күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда

19 Кулжа 2021 19:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, шаарда эпидемиологиялык кырдаал начарлоодо.

Мектептердин базасында ачылган күндүзгү стационарлар:

  • Биринчи май району: Патриса Лумумба көчөсү 10, – №83 мектеп;
  • Ленин району: Жогорку Жал кичи району, 45 дарегинде жайгашкан № 95 мектеп;
  • Свердлов району: «Дордой» конушундагы №94 мектеп;
  • Октябрь району: Абдымомунов көчөсү, 197 дарегинде жайгашкан «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору.

Мэриядан кошумчалашкандай, күндүзгү стационарлардын баары кычкылтек концентраторлору жана керектүү жабдыктар менен жабдылган.

Количество просмотров: 1510