• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«Абал оор эле». Жапаров ЖЭБдеги кырдаал боюнча комментарий берди

2 Бирдин айы 2024 16:13 Бишкек Govori.TV

Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында авария болгонун кабарлаган. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Авария болгон жерге президент баш болгон бийлик өкүлдөрү барып кабар алып, тапшырмалар берилгени маалымдалды.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине ЖЭБдеги кырдаал боюнча комментарий берип, абал оор экенин айтты.

«Абал оор эле. Жарылуу түнкү саат 03:00дөр чамасында болду. Мен уктай элек болчумун. Энергетика министринин үч тараптуу жолугушуусу бар эле, Ташкентте жүргөн. Мэр болсо чет өлкөдөн учуп келе жаткан. Түнкү саат үчтөр чамасында: “Аэропорттон шаарга келе жатам, ЖЭБде жарылуу болуптур, ошол жакка кетип жатам” деп мага чалды. Мен дароо өзгөчө кырдаалдар министрин, саламаттыкты сактоо министрин ойготуп, ал жакка жөнөттүм. Энергетика министрине телефон чалып: “Бишкеке учуңуз!” деп буйрук бердим. Кыскасы, таң атканча кырдаалды жөнгө салганга аракет кылдык. Эртең менен дагы барып кеттим. Азыр эми оор абалдан чыгуу жагына бет алдык. Кудай буюрса, жакынкы убактарда кырдаалдан чыгып кетебиз.

Бул ЖЭБ 1961-жылы ишке берилген экен. Менден да улуу экен. Анан эми темир болсо да өзүнүн мөөнөтү бүтчү убактысы бар да. Баары эскилиги жеткен. Жылда жайдын күнү ремонт иштерин жасап, кышка даярдык көрүп, иштетип келе жатабыз», — дейт президент.

Жапаров авария эски бөлүгүндө болгонун белгилеп, төмөнкүлөрдү кошумчалады:

«386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюш керек эле.

Ал эми жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмарлык кылгандар. “Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп”, мыйыгынан күлүп олтургандар. Азыр эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим. Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми».

Количество просмотров: 184